Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-майы №1
Жергиликтүү кеӊешти юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө
Момбеков айылдык кеӊештин төрагасы Т Стамбаевдин Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-февралындагы “Юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндөгү” № 57-мыйзамынын 11-беренсине ылайык жергиликтүү кеӊешти мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндөгү сунушун Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Момбеков айылдык кеӊешинин төрагасы Т Стамбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Момбеков айылдык кеӊеши юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө кеткен чыгымды жергиликтүү бюджеттен каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Бнүн башчысы Ч Төлөновага жүктөлсүн.
4. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад областы,
5. Ноокен району, Момбеков айылы, К Сейтканов көчөсү № 54.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук жана укук коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т. Стамбаев |