Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезектеги ХVII - сессиясы
2019-жылдын 30-апрели №1
Тилек үрөнчүлүк чарбасынын жер аянтын өнөктөштүк келишимдин негизинде муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Тилек үрөнчүлүк чарбасынын 1990 чарчы метр жер аянты №1 24.04.2019-жылдагы өнөктөштүк келишимдин негизинде муниципалдык менчикке алуу максатында
Багыш айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Тилек үрөнчүлүк чарбасынын 1990 чарчы жер аянтын 2019-жылдын 24-апрелиндеги №1 өнөктөштүк келишимдин негизинде Багыш айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондуна тапшыруучу өнөктөштүк келишими жактырылсын.
3. 2019-жылдын 24-апрелиндеги №1 келишими бекитилсин.
4. Токтомду аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Саражиев |