Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-июну № 10
Баткен шаар аймагындгы жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, көчөлөрдү жарыктандыруунун абалы жөнүндө
Баткен шаар ичинде негизги деп эсептелинеген С.Сыдыков, М.Нургазыев, И.Разаков, Т.Садыков, К.Турмаматов, И.Жусупов жана М.Салихов көчөлөрүн көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана түнкү жарык менен камсыз кылынуусу долбоорлоонун негизинде талапка ылайык жасалды. С.Сыдыков көчөсүндөгү түнкү жарыктар 2015-жылы пайдаланууга берилип, бүгүнкү күнгө чейин иштен чыккан жарыктандыруу каражаттары алмаштырлып турулат. Ушул эле жарыктандырууну кармап турган турбаарга рекламмалык щиттер орнотулуп, ал щиттерде кыргыз мамлекетине эмгеги сиңген азыркы жана тарыхый, маданияттын жана искуствонун мыктылары, спорт чеберлерин жана шаар үчүн кызмат өтөгөн инсандардын бейнелерин чагылдырган щиттер орнотулган. Ушундай эле көрүнүш М.Салихов көчөсүндөгү түнкү жарыктардын астында жайгашкан. И.Жупусов көчөсүндөгү түнкү жактандыруу 2019-жыл башында пайдаланууга берилген. К.Турмаматов көчөсүндөгү түнкү жарыктандыруу шаарга түнкү жарыкты эле эмес, түнкү кооздукту да тартуулап турат. Анткени жарыктардын астына бирдей арчалар жана гүлдөр ишеммбиликтерде эгилип жашоочулар тарабынан коргоого алынган.
Шаар ичиндеги жаңы конуш болуп саналган Кызыл-Дөң кварталындагы Ак-Таш массивиндеги көчөлөр, шаар ичиндеги кичи көчөлөр да демөөрчүлөр, жашоочулар жана аткаруу бийлик тарабынан орнотулуп негизинен шаар ичиндеги көчөлөрдүн 73% түнкү жарыктар менен камсыздалган.
Шаар ичиндеги жалпы пайдалануудагы 3 парк, сквер, бакчалар март-май айларында 2 жолудан тазаланып, акталып сырдалды. Көп кабаттуу үйлөрдүн арасындагы жалпы пайдалануудагы жерлер ар дайым таза кармалууга тийиш, бирок ал үйлөрдүн сырткы көрүнүштөрү жана жалпы пайдалануудагы жерлердин тазалыгына жана көрктүүлүгүнө көңүл бурулбай кароосуз калган. Шаар ичиндеги көп кабаттуу бардык үйлөрдүн айланасындагы жалпы пайдалануудагы жерлерди массалык түрдө иретке келтирип көртөндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл М:Ходжаев, И.Раззаков жана Т.Садыков көчөсүндөгү көп кабатуу үйлөрдөн чыккан таштандылар алынып салынган менен аларды иретке келтирип көрктүүлүгүн артыруу шарт. Борбордук көчөлөргө 2019-жыл ичинде жалпы 8 аялдама куру пландалган болсо анын 3 сү буткөрүлүп пайдаланууга берилген 5сү куруу иштери жүрүп жатат. Аялдамалар мурдагы аялдамаларга салыштырмалуу кооз жана сапаттуу жасалууда.
Борбордук стадиондо, «Жаштык», «Жеңиш» парктарында отургучтар оңдотулуп, дарактар жана дубалдар, бордюрлар акталып, сырдалган.Арыктар чаап тазаланып, жаңыдан дарактар олтургузулган. «Манас» эс алуу багында көчөттөр, гүлдөр буталып арыктар чаап тазаланды. Шаар аймагында борбордук көчөлөргө, газондорго жана паркттарга гүлдөр олтургузулду. Бардык аймактык башкармалыктарда арыктар чаап тазаланып сугат арыктарын тазалоо иштери жүргүзүлүп, 25 км арык, каналдар тазаланган. Кызыл-Жол аймактык башкармалыктын жашоочулары тарабынан 141000 сом акча каражаты жыйналып, жараксыз лотоктор алынып, ордуна башка 140 лоток орнотуу ашар жолу менен ишке ашкан. 3 айлыкта жасалган көрктөндүрүү, тазалоо иштери болжолдуу акчалай наркын эсептөөдө 7477751 сомду түздү.
Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын аймагындагы жалпы пайдалануудагы жерлердин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин мындан ары күчөндүрүлүп жыл ичинде көрктөндүрүү (сырдоо, жасалгалоо) иштери колго алынсын.
-Шаардын борбордук көчөлөрүндөгү түнкү жарыктарды ар дайым оң абалда кармоо жана шаардын калктуу конуштарындагы ички көчөлөрү толугу менен түнкү жарыктануусуна жетишүү жагы эскертилсин.
2. Шаар ичиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн сыртын сырдоо, айланасын таза кармоо жана түнкү жарыктарын камсыздалышын уюштуруу, парктардын, скверлердин тазалыгын, камсыз кылуу, уюштуруу жагы шаар мэриясына /М.Рахимов/ тапшырылсын.
3. Шаар аймагындагы жалпы пайдалануудагы жерлер, парктар, скверлер, торотуарлар, мекеме ишканалардын айланасындагы жалпы пайдалануудагы жерлер инвентаризациялангандыгы боюнча маалыматтар кезектеги сессияда уктурулсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардык Кеңешин курулуш куру, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссисиясына /М.Добутов/ тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |