Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-июну № 11
Баткен шаар аймагында «Тиричилик калдыктарын жыйноо, чыгаруу жана жок кылынуусунун абалы» жөнүндө
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы чарбалык эсептеги «Баткен –Тазалык» ишканасы Баткен шаарынын аймагынан кун сайын орто эсеп менен 10 тонна таштанды чыгарат. Учурда шаарыбыздын 59 көчөлөрү таштандыдан тазаланууда, 2019-жылдын апрель айынан баштап , Баткен шаарынын түштүк паносунан, Базар-Башы кварталы, Кызыл-Жол кварталынан К.Турмаматов көчөлөрүнүн таштандылары алына баштады. Андан тышкары 707, 2001 аскер бөлүктөрүнүн, ОИИБ кызматкерлеринин кызматтык үйү, шаардын борборундагы көп кабаттуу үйлөрдүн тургундарынын таштандылары да алынууда. Иш убактысы бүткөнүнө карабай кызматкерлер кечки саат 21:00 чейин графикке ылайык көчөлөрдү тазалап, шаарды таштандыдан арылтууда. Жалпы шаар калкынан таштанды үчүн жыйылган акча каражаты орточо эсеп менен 103381 сом жыйналат. Шаардын аймагындагы мекеме-ишканалардан 21649 сом акча каражаты ай сайын «Баткен-Тазалык» ишканасынын эсебине которулуп турат. “Баткен - Тазалык” ишканасында 1даана МТЗ 82 трактор, 1дана МТЗ 82 скарпион трактору, 2 даана ГАЗ 53 таштанды таштоочу авто унаасы, 1 даана ГАЗ 53 автовышка жана 1 даана ХУНДАЙ ПОРТЕР унаасы бар. Алардын ичинен 2 даана МТЗ 82 тракторунун, 1 даана ГАЗ 53 жана 1 хундай портер авто унааларынын абалы канаатандырарлык. Калган техникалар оңдоп түзөө иштерине муктаж. Ишкана техникалардын абалы начардыгына карабай алты айда 1549 тонна таштанды ташып чыгарган. Техникалар күнүнө МТЗ 82 трактору эки күн 3 жолу калган күндөрү 2 жолу ал эми ХУНДАЙ ПОРТЕР авто унаасы күнүгө үч жолу шаар аралап таштанды ташып турат. Ал эми шаардын “Т. Садыков”, “Салихов” “Нургазиев” көчөлөрүнө күнүнө бир жолудан суу чачылып турат.
“Баткен – Тазалык” ишканасында бүгүнкү күндө бюджети жетишпей жаткандыгына байланыштуу бир топ көйгөйлөр бар. Мисалы Баткен шаарынын мэриясы тарабынан таштанды таштоо үчүн 25 га бөлүнүп берилген жерди тосмо менен тосуу үчүн бюджети жетишсиз. Андан тышкары “Баткен - Тазалык” ишканасынын балансасындагы бардык техникалардын абалы өтө начар эскилиги жеткен. Техникаларды жаңылоо зарылчылыгы бар. Ишканага таштанды таштоочу жана суу чачуучу спец. техникалары жетишсиз сатып алуу көйгөү турат. Ишкананын имараты жоктугунан ишкана ижарада турат.
“Баткен – Тазалык” ишканасы көйгөйлөргө карабай шаардын тазалыгы үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрү менен арекет кылып жатышат. 2019-жылдын 6 ай ичинде шаар аймагында жүргөн 160 жолбун иттер атылып жок кылынган.
Жогоркулардын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы чарбалык эсептеги «Баткен-Тазалык» ишканасынын аткарып жаткан иштери канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
2. Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы чарбалык эсептеги «Баткен-Тазалык» ишканасы, шаар аймагынын чыгып турган таштандыларды атайын жайларга жеткирүү, коомдук пайдалануу жайларындагы таштандыларды, ички көчөлөрдөгү тантанды таштоочу челектердеги таштандылар үзгүлтүксүз өз убагында атайын жайларга чыгарып туруусу милдеттендирилсин.
3. Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы чарбалык эсептеги «Баткен-Тазалык» ишканасын жаңы спец техникалар менен камсыз кылуу ишкананын жетекчилигине (Назаров Д) жана Баткен шаарынын мэрине /М.Рахимов/ милдеттендирилсин.
4. Атайын таштанды ташталуучу жайды тосуу аны көзөмөлдөп туруу жагы “Баткен - Тазалык” ишканасына (Назаров Д) тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Баткен шаарынын мэриясына тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |