Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-июну № 11
Шаар калкын ичүүчү таза суу менен камсыздоо, канализация жана тазалоочу курулмалар системасынын ишинин абалы жөнүндө
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы «Таза Суу» муниципалдыкишканасы Баткен шаарынын жашоочуларын таза суу менен камсыз кылууда ишканасынын иштиктүү милдетине тиешелүү төмөнкүдөй иш аракеттер жүргүзүлгөн.
Таза сууну керектөөчү шаар калкынан Таза Суу жетишсиздиги боюнча, 2019-жылдын башынан ушул кунго чейин 64 арыз түшкөн, алардын ичинен 60арыз аткарылып, арыз ээлерине маалымат берилген.
Мекеме ишканалардан 4арыз түшкөн, анын ичинен 3арыз аткарылып, мекеме ишканаларга жеткирилди.
Жеке ишкерлерден 11 арыз түшкөн, анын ичинен11аткарылып, жеке ишкерлерге маалымат берилди.
Баткен шаардык кенешинен, Баткен шаардык мэриясынан жана мекеме ишканалардан ар тараптуу түшкөн каттардын жалпы саны 19анын ичинен каттарга жооп жазылып аткарылганы14.
«Таза Суу» муниципалдык ишканасы Баткен шаарынын калкын таза суу жана сыркынды сууларын тазалоо боюнча жалпы 36 кызматкер эмгектенишет. Анын ичинен АУП – 11,өндүрүштүк кызматтагылар – 17, Абоненттик тейлөөдө – 3, Сыркынды суулар менен тейлоодо – 5.
2019-жылдын апрель айынан 2019-жылдын 31-декабрына чейинки тузулуп бекитилген бюджет 8 458 200 сом.б.а. ар айга 939,800 сомду тузот.
Бугунку кундо ар ай сайын жыйналуучу таза суу акыларына жана сыркынды сууларга ар турдуу шылтоолор менен элдер толошпой келуудо. Б.а. 939,800 сомдун ордуна орточо 664 мин сом акча жыйналууда.
«Таза Суу» муниципалдык ишканасы Баткен шаарынын элин таза суу менен эртен менен саат 7-00 дон кечки саат 20-00 чейин шаарга таза суу берүү графиги менен ар бир график боюнча 3 сааттан суу берилет.
Башкы суу сактоочу кампабда 2000 м3 эки дана жана 1000 м3 эки дааана суу сактоочу кампалар бар. Бир 1000 м3 кампада толук бойдон капиталдык ремонту талап кылат. Бугунку кундо убактылуу иштебейт. Шаарга күнүнө 5000 м3 ашык таза суу берилип жатат.
Ушул берилип жаткан таза суунун 60 % жакыны суу түтүктөрдүн эскилигинен жоготууларга дуушар болууда. Баткен шаары боюнча жеке үйлөрүнө таза суу тартылган 1190 абонент бар.
Көчөдөн таза суу пайдаланышкан 8172 абонент.
Коммерцилык ишканалар жана жеке ишкерлер78 абонент.
Бюджеттик ишканалар 43 ишкана.
Бүгүнкү күндө «Таза Суу» муниципалдык ишканасынын негизги аткарып жаткан жумушу таза суу тутукторүн ремонтоо жумуштарына көбүрөөк басым жасалууда. Себеби Баткен шаарындагы таза суу линиялары 1959-1961 жылдар да асбесс трубалар менен курулгандыктан эскилиги жетип ремонт жумуштарын коп талапкылууда. Ошондой эле шаарда журуп жаткан жаны долбоордун жер казуу жумуштарында эски таза суу линиялары дын копчулук жерлерин жараксыз абалга дуушар кылып, суу берүү грфиктерин өзгортүүгө мажбыр болунган. Кээ бир күндөрү эки үч күнгө, андан да коп күгө чейин суу берилбей калган күндөр болгон. Булл боюнча жергиликтүү телевидение аркылуу элге маалымат билдирүү берилип турат.
Ушул кунго чейин таз суулиниялары жана суну бөлүштүрүү учтетиктер (задвижка) алмашылып, толук ремонттолгон эмес. Таза суу линиялары суунун басымына туруштук бере албай суну чыгарып жиберүүдө. Ал эми суну бөлүштүрүп туруучу учтетиктер (задвижка) күнүгө үч жолудан суну ачып, жаап туруучу жумуштар болгондуктан туруштук береалбай жатат.
Бугунку кундо таза суу линияларын аалдын ала ремонт жумуштарын өз убагында жургузуп туру үчүн төмөнкү материалдар керектелет.
- Асбест трубаларыd-100.d-150d-200 d-300 – 50 п/м
- металл трубаларd-100. d-150 - 30 п/м
- полиэтиленовые трубаларd-100. d-150 - 80 п/м
Жалпы сарпталуучу сумма 160 мин сом.
Сууну бөлүштүрүү үчүн учтетиктер (задвижка): -d-100 – 20 даана
- d-150- 15 даана
- d-200- 10даана
- d-300- 8даана
- d-500- 5даана
Жалпы сарпталуучу сумма 291 мин сом.
Сыркынды суулар боюнча жалпы 278абонент.
Анын ичинен –жеке турак уйлор 247 абонент.
-Коммерциялык ишканалар 25 абонент
-Бюджеттик ишканалар 6 абонент.
Бир айга сууну шаар эллине берүү үчүн план боюнча 68 мин сом акча каражаты каралган.
Фактически орто эсеп менен бугунку кундо бир айда 45 мин 800 сом акча каражаты жыйналууда.
Ал эми сыркынды суулар боюнча чыгашалар 65 мин 500 сомду түзөт
Ар сайын 19 мин 700 сом акча каражаты жетпейт (19700 х 12 ай = 236 400 сом.)
Мындан тышкары сыркынды сууларды тазалоочу жай ремонт жумуштарын талап кылат.
Көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу боюнча жалпы 687 мин 400 сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен каржылап берүү сунушу киргизилди.
Жогорудагылардын негизинеде Баткен шаардык Кеңешнин VI чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында «Таза суу» жана саркынды сууларды тазалоо муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан ишеринде орчундуу кетирилген кемчиликтер бар экендиги белгиленсин.
2.»Таза суу» жана саркынды сууларды чыгыруу муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштерин көзөмөлгө албай, ишкананын ишин солгундатууга жол бергендиги үчүн тармакты жетектеген Баткен шаарынын 1-вице мэри М.Султановго чара көрүү жагы Баткен шаарынын мэри М.Рахимовго сунушталсын.
3. «Таза суу» ишканасын таза сууну берүү менен бирге саркынды сууларды атайын жайларга чыгарууну өнүктүрүү үчүн жасалып жаткан долбоорлоо иштери аяктаганга чейин талапка ылайык иш алып баруусуна жергиликтүү бюджеттен колдоо көрсөтүү сунушун иштеп чыгуу жагы шаар мэриясына /М.Рахимов/ тапшырылсын.
4.Шаар калкынан ичүүчү таза суунун аксын жыйноодо «Таза суу» ишканасына шаар аймагындагы бардык мекеме ишканалар менчигинин түрүнө карабастан колдоо көрсөтсүн
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин курулуш, өнөр жай , коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Добутов/ тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |