Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-июну № 11
Шаар аймагында дене тарбия жана спорту өнүктүрүү, спорттук курулмалардын ишин камсыздоо максатында шарттарды түзүү жөнүндө
Баткен шаар аймагындагы элдин ден соолугу-шаардын байлыгы. Элдин ден соолугу үчүн мамлекет спорт тармагын өнүктүрүүдө ыңгайлуу шарттарды түзүүдө бир топ иш чараларды бекиткен. Шаарда спорт тармагын өнүктүрүү, спортчулардын жетишкендиктерин камсыздоо, жаштардын спорт менен машыгуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү демилгелери шаардык Кеңеш жана шаар мэриясы тарабынан колдоо көрсөтүлүп келе жатат.
Шаарда 1 стадион, 6 спорттук зал, 15 спорттук аянтчалар, 12 кичи-футбол аянтчасы, 2бокс, 2күрөш залы пайдаланып, спорттун 8 түрү (футбол, валейбол, баскетбол, оор атлетика, улуттук күрөш, грек-рим күрөшү, бокс, таеквандо) боюнча секциялар иштелип иштелип турат. Мындан сырткары шаардагы бардык мектептерде класстан тышкаркы секциялар иштейт.
Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы тарбынан Баткен шаарына 2 кичи футбол аянтчаны жаштар үчүн белек катары курулуп берилди.
Кызыл-Жол кварталынын элдери тарабынан ашар жолу менен чоң спорт зал курулуп пайдаланууда.
Базар-Башы кварталына жеке ишкер М.Добутов тарабынан заманбап күрөш залы курулуп жаштар өга өткөрүлүп берилди.
Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин спорт аянтчасына жеке ишкер тарабынан жабык типтеги кичи-футбол аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилди.
Бокс боюнча машыктыруучу А.Ашировдун демилгеси менен Баткен шаарынын В.И.Ленин атындагы орто мектебинин базасында учурдун талабына ылайык бокс залы уюштурулган.
Азыркы учурда шаардагы борбордук стадиондун футболдук аянтчасы, Баткен облустук футбол федерециясынын аткаруучу директорунун демилгеси менен оңдоо түзөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Ош шаарында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясынын VII Республикалык «Бурганак» мелдешинде Баткен шаарынын кыздар курама комондасы 3 орунду ээлешкен. Ошондой эле Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясы тарабынан өткөрүлгөн Республикалык волейбол федерациясы тарабынан өткөрүлгөн Республикалык «Нооруз» мелдешине 3-орунду камсыз кылышкан. Кадамжай райондунда өткөрүлгөн Республиклык валейбол боюнча «Алтын Күз» мелдешинде 3-орунду курама команда камыз кылып, окуучулардын спортакиадасынан шаардык жана облустук турунда 1-орун, ал эми республикада 4-орунду камсыз кылышкан.
Шаарда Таеквандо ВТФ спорту жакшы өнүккөн. машыктыруучу Б.Хакимов тарбиялаган спортулар Республикалык жана Эл аралык мелдештерде көптөгөн ийгиликтерге жетишип келет. Таеквандо жана бокс боюнча Баткен шаарынын түзүлгөндүгүнүн күнүнө карата жыл сайын Эл аралык мелдеш өткөрүлүп келет.
Борбордук стадионго жеке ишкер А.бурканов тарабынан курулган ___ м2 өлчөмүндөгү 2 кабаттуу спорт комплекси үчүн чала бүкөн имараты жергиликтүү бюджеттен 7 млн. сом акча каражаты бөлүнүп берилип сатылып алыууга жетишилген. Мындан тышкары Баткен шаарынын футбол курама командасын түзүү жана колдоо үчүн ФИФА футбол федерациясына мүчөлүк акы үчүн 215000 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
Шаардык спорт комитети жергиликтүү бюджттин эсебинен 2018-жыл ичинде 17 иш чара, 2019-жылдын 6 айында комитеттин планы боюнча 8 иш чара, демөөрчүлөр тарабынан 4 иш чара өткөрүлгөн.
Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаарда дене тарбия жана спорту өнүктүрүү, спорттук курулмалардыишин камсыздоо максатында шарттарды түзүү боюнча шаар мэриясы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер колдоого алынсын.
2. Борбордук стадиондогу спорт комплекси үчүн сатылып алынган имараттын курулуш иштерин бүткөрүү жагы 2020- жылдын жергиликтүү бюджетине киргизүү жагы эскертилсин.
3. Шаар аймагында спорт комплекси, спорт залдары жана спорттук аянтчаларды куру пландарын ишке ашыруу күчөтүлсүн.
4. Аткарылган иштер боюнча маалымат жыл жыйынтыгы менен кезектеги сессияда уктурулсун.
Төрага | А.Ташбеков |