Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-июну № 14
Баткен шаар ичиндеги маршуруттук каттамдарында мектеп окуучулары үчүн төлөм акыларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндө 2011-жылдын 15-июлдагы №101 мыйзамынын 2-главасынын 18-беренесинин 12-пункутуна: «Муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу», 31-беренесинин 2-пункутунун 1-пункутчасына ылайык Баткен шаардык Кеңешинин жана Баткен шаар мэриясынын, Баткен облусттук транспорт инспекциясынын, маршуруттук каттамдарынын биргадасынын 2019-жылдын 21-июндагы биргелешкен отурумунун протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1Баткен шаарынын аймагындагы жашаган окуучуларга окуу мезгили үчүн маршуруттук ички каттамдарда төмөнкүдөй жол кире акысы бекитилсин:
- 1-класстан 5-класска чейинки окуучулар үчүн жол кире акысыз;
-5-класстан 11-класска чейинки окуучулар үчүн 50% жол кире акысы төлөмдөрү.
2. Шаар аймагындагы бардык окуучуларга жана маршуруттук каттамдарга жол кире акысынын өлчөмү шаардыктарга, шаардык «Өрүкзар» коомдук саясый газетасы жана башка массалык маалымат каражаттары аркылуу жеткирилип жайылтылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин төрагасынын орун басары М.Дубанаевге тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |