Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-июну № 15
Баткен шаарынын жергиликтүү бюджетинин кээ бир бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндө 2011-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пункутуна ылайык жана Баткен шаардык Кенешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 29-апрелиндеги, 2019-жылдын 17-июндагы отурумдарынын протоколдорунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын жергиликтүү бюджетинин кээ бир бөлүктөрүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1)Баткен шаардык маданият бөлүмүнүн 2019-жылдын 2-кварталына бекитилген бюджетинин 2215 «Акы алып кызмат көрсөтүү» беренесинен 40,0 сом кыскартылып, 2222 «Сатып алуу беренесине» 40,0 сом кошулууга;
2)Баткен шаар мэриясынын 2019-жылдын 2-кварталына бекитилген 2212 «Байланыш кызматы» беренесинен 50,0 сом кыскартылып, 2215 «Дагын башка кызмат көрсөтүүнү алуу» беренесине 50,0 сом көбөйтүлүп;
-Шаар мэриясынын чыгымдар сметасынын 3-кварталына каралаган 2111 «Эмгек акы» беренесинен 528803 сом, 2121 «Соц.фондго чегерүүлөр»беренесинен 80902 сом кыскаталып, 2-кварталга 2111 «Эмгек акы» беренесине 528803 сом, 2121 «Соц.фондго чегерүүлөр» беренесине 80902 сомго көбөйтүлүп, ал эми Муниципалдык менчик департаментинин 3111 «Имараттар жана курулмалар» беренесинен 2-кварталынан 609705 сом кыскартылвп, 3 кварталына көбөйтүлүп берилсин,
3)Шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2019-жылдын 2-кварталы үчүн каралган бюджетинин 2232 «Электр энергиясына төлөө» беренесинен 358,0 сом кыскартылып, 2222 «Ар түрдүү чарбалык материалдардын керектелүүсү» беренесине 358,0 сом жылдырылууга;
4)Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментнин 2019-жылдын иш чарасында бекитилген 2215 «Ар түрдүү чыгымдар» статьясынан 60,0 кыскартылып, 2212 «Байланыш кызматы» беренесине 60,0 сом кошулуп берилсин.
5)2019-жыл ичинде шаарды өнүктүрүү үчүн бекитилген иш чаранын атайын эсебиндеги 2215 «Ар түрдүү чыгымдар» беренесинен 927400 сом кыскартылып, 2222 «Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу» беренесине жылдырылып берилсин.
6)Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменинин 2019-жылдын 4-кварталынын 3111 «Курулмалар жана имараттар» беренесинен 215,0 сом кыскартылып, шаардык спорт жана дене тарбия комитетинин 2-кварталынын 2215 «Ар түрдүү чыгымдар» беренесине 215,0 сом «Нур-Баткен» футбол клубу коомдук брикмесинин ФИФАга мүчөлүк акы үчүн кошулуп берилсин.
7)Баткен шаарыдык Кеңешинин 2019-жылдын 2-квартылна каралаган чыгымдар сметасынын 2215 «Ар түрдүү чыгымдар» беренесинен 27,0 сом кыскартылып, 2211 «Эмгек акы» береси 27,0 сомго көбөйтүлүүгө, 3-кварталдын 2111 «Эмгек акы» беренесинин 27,0 сом кыскартылып, 2215 « Ар түрдүү чыгымдар» беренесине кошулуп берилсин,
-Баткен шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 3-кварталына каралаган чыгымдар сметасынын 2111 «Эмгек акы» беренесинен 97807 сом, 2121 «Соц фондко чегерүүлөр» беренесинен 16872сом кыскартылып, 2-кварталдын 2111 «Эмгек акы» беренеси 97807 сом, 2121 «Соц.фонго чегерүүлөр» беренеси 16872 сомго көбөйтүлүп, ал эм Муниципалдык менчик департаментинин чыгымдар сметасынан 3111 «Имараттар жана курулмалар» беренесинен 2-кварталынан 114679 сом кыскартылып, 3 кварталы 114679 сомго көбөйтүлүп берилсин.
8)Баткен шаар мэриясынын чыгымдар сметасынын 2-кварталына каралган 2215- «Ар түрдүү кызмат көрсөтүүлөр» беренесинен 40100 сом кыскартылып 2771 «Калка социалдык жардам көрсөтүүлөр» беренесине көбөйтүлүп,3-кварталдын 2721 «Калка социалдык жардам көрсөтүүлөр» беренесинен 40100 сом кыскартылып, 2215 «Ар түрдүү кызмат көрсөтүүлөр» беренесине көбөйтүлүп берилсин.
9)Баткен шаардык жайыт комитетинин 2019-жылга бекитилген сметасынан 6 айлыгы ашыгы менен аткарылгандыгына байланыштуу «2215» Ар түрдүү кызмат көрсөтүү статьясынан III-кварталга каралган 52,0 мин сом, 4 –кварталга каралган 60,9 мин сомду баары болуп 112,9 мин сом кыскартылып, 2-кварталга 112,9 мин сом көбөйтүлүп, Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2019-жылга каралган 3111 «Имараттар жана курулмалар» статьясынан 2-кварталынын планы 112,9 мин сом кыскартылып, 3-кварталынын планы52,0 мин сомго, 4-кварталынын планы 60,9 мин сомго баары болуп 112,9 мин сомго көбөйтүлүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңешин алдындагы финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Бурканов/ тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |