Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-июну № 20
Баткен шаарынын аймагындагы мамлекеттик фондунун эсебиндеги Булак-Башы башталгыч мектебинин ээлеген жер аянтын жана «Манас» эс алуу багынын ээлеген жер аянттарынын категориясын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодесине, Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» 2013-жылдын 15-июлдагы №145 Мыйзамынын 1-Главасынын 3-беренесине, Баткен шаар мэриясынын 2019-жылдын23-майындагы №01-23/604 кызматтык каты, Баткен шаардык Кеңешинин депутаттарынын шаар эли менен 2019-жылдын 11-апрелдеги болгон жолугушуусунун протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын Булак-Башы кварталындагы Булак-Башы башталгыч мектебинин ээлеп турган мамлекеттик фондунун эсебиндеги №380 контурдагы 1,50 га сугат айдоо жана Базар-Башы кварталындагы «Манас» эс алуу багы ээлеп турган №409 контурдагы 2,80 га сугат айдоо жер аянттарын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштун жерлери» категориясына трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын жогорку органдарынан суралсын.
3. Багыттарын өзгөртүүгө макулдук берилген жер аянттарына керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасоо жана аткаруу жагы Баткен шаар мэриясына /М.Рахимов/ тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |