ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-шайланган депутаттарынын кезексиз XXIV- сессиясы
2019-жылдын 23-январы № 87
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Дөң-Булак участкасындагы Айткулова Гулнара Ысмаиловнанын турак жай куруу үчүн берилген жер тилкесинин пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 2013-жылдын 15-июлундагы №145 токтомунун 3-главасынын негизинде Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Дөң-Булак участкасындагы Айткулова Гулнара Ысмаиловнанын турак жай куруу үчүн берилген жер тилкесинин пайдалануу багытын өзгөртүп, элдин муктаждыгын эске алып, калкты тейлөөчү коомдук чайкана ачуу боюнча жазган арызын угуп жана талкуулап жана жергиликтүү бюджетти көбөйтүү максатында Дөң-Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Дөң-Булак участкасындагы Айткулова Гулнара Ысмаиловнанын № Ч 735884 мамлекеттик актысынын негизинде 800 кв.м.менчиги болгон жер тилкесине коомдук чайкана ачууга макулдук берилсин.
2. Жер аянтын мамлекеттик актысын негизинде тактап, керектүү иш кагаздарын мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Мамкаттоо” башкармалыгынан суралсын. .
3. Ажыратылган жер аянтына шаар түйүнүнун планын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармалыгына сунуш кылынсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |