Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-шайланган депутаттарынын кезексиз XXIV- сессиясы
2019-жылдын 23-январы № 89
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга карата жайыт инфраструктурасын жакшыртуу үчүн атайын техника (Фронталдык жүктөгүч 3 м3) сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүндө “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” долбоорунун алкагында жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга карата жайыт инфраструктурасын жакшыртуу үчүн атайын техника (Фронталдык жүктөгүч 3 м3) сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга карата жайыт инфраструктурасын жакшыртуу үчүн атайын техника (Фронталдык жүктөгүч 3 м3) сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 1947000 (Бир миллион тогуз жүз кырк жети миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Султановго сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |