Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-шайланган депутаттарынын кезексиз XXIV- сессиясы
2019-жылдын 23-январы № 91
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төөлөс айылындагы дыйкан чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнө мүлк катары берилген сарайды жана сарайдын алдындагы 0,31 га жана Булашбаев Жеңишбектин 0,06 га, Кахаров Замирбектин 0,05 тартуу кылуу жолу менен берилген жерлерин жалпысы болуп 0,42 га жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомуна ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төөлөс айылындагы “Нур”, “Нармат” жана “Абдрахманов Токтали” дыйкан чарба кооперативдериннин мүчөлөрүнө мүлк катары берилген сарайды жана сарайдын алдындагы 0,31 га жана Булашбаев Жеңишбектин 0,06 га, Кахаров Замирбектин 0,05 тартуу кылуу жолу менен берилген жерлерин, жалпы 0,42 га жер аянтынын ичинен Төөлөс айылына балдар бакчасын куруу үчүн 0,22 га жер аянтын, кичи спорт аянтын куруу үчүн 0,12 га жер аянты жана ФАП куруу үчүн 0,08 га жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүпберүүжөнүндөгү арызын карап жана талкуулап, Дөң-Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төөлөс айылындагы 0,42 га жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алынсын.
2. Жогорудагы 0,42 га жер аянтынын ичинен: балдар бакчасын куруу үчүн 0,22 га жер аянты, кичи спорт аянтын куруу үчүн 0,12 га жер аянты жана ФАП куруу үчүн 0,08 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
3. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына жер аянтынын мыйзамдуу жагын карап, тиешелүү ишканалардан корутунду, аныктамаларды алып, жер аянтын бектип берүү жагы жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |