Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-шайланган депутаттарынын кезексиз XXIV- сессиясы
2019-жылдын 22-февралы № 93
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бахмал-1 айылынын тургундарынын жаңы көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу боюнча жалпы чогулушунун протоколун бекитип берүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бахмал-1 айылынын тургундарынын жаңы көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу боюнча жалпы чогулушунун протоколун бекитип берүү жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап, элдин көйгөй маселелерин жана социалдык муктаждыктарын чечип берүү максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бахмал-1 айылынын тургундарынын жаңы көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу боюнча 2019-жылдын 28-мартындагы жалпы чогулушунун протоколу бекитилсин.
2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бахмал-1 айылындагы жаңы 1- көчөгө Жантаев Курманбек жана 2-көчөгө Монтоев Суратбек деп аталсын.
3. Ат же ысым ыйгарылган көчөгө даректүү маалыматтарды, жазууларды илүү жагы демөөрчүлөр менен Бахмал айылдык комитетинин башчысы О.Булашбаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | П.А.Эсеналиев |
ПРОТОКОЛУ
Бахмал айылы № 1 28.03. 2019-жыл.
Чогулушка: Дөң-Булак айылөкмөтүнүн Бахмал айылынын тургундары жана Бахмал айылдык комитетинин башчысы О.Булашбаев катышты Жалпысы 52 адам катышты.
Күн тартибинде:
Күн тартибиндеги маселе боюнча Бахмал айылдык комитетинин башчысы Булашбаев Осмон сөзгө чыгып, ат коюлбаган көчөлөргө ат кою жана табличкаларды илүү жөнүндө кеңири токтолуп өттү.
Атап айтканда:
Чекиров Медербек Бахмал айылынын жамаат башчысы сөзгө чыгып, азыркы аты жок көчөнү Жантаев Курманбек деп атоону сунушташты.
- жаңы конуштарга жана аты жок көчөлөргө ысым ыйгаруу жана табличкаларды илүүнү белгилеп колдоп берүүсүн суранды. Андан сырткары ат коюлуп, номерлер илинсе, паспорттук базага кою жагы женил болорун кошумчалап кетти.
Бахмал айылынын аксакалы Турдумамбетов Шамшибек сөзгө чыгып Жантаев Курманбек айыл үчүн бир канча иштерди жасап коомдук иштерге активтүү катышып, айылга кадырлуу инсандардын бири экөө тен ысым ыйгарууга татыктуу деп сөзүн жыйынтыктады.
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл тургундары: Абдраманов Гүлчоро, Жусупакматова Шарипа, жаштардан Айтбаев Кыял жана башкалар чыгып сүйлөп, аты коюлуп жаткан кишилер татыктуу экенин белгилеп, системдик базадан жана башка кыйынчылыктардан кутулганын, андан сырткары көчөгө көнүл буруларын айтышып макулдугун беришти.
Сунуш бир добуштан кабыл алынды.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Бахмал айылынын тургундарынын жалпы жыйыны төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
- ысым ыйгарылган көчөлөргө даректүү маалыматтарды, жазууларды илүү жана ар тараптуу инфраструктурасын жакшыртууга көмөктөшүү жагы демөөрчүлөр менен айыл башчыларына милдеттендирилсин.
Жыйындын төрагасы О.Булашбаев
Катчысы М.Чекиров
Бахмал айылы № 2 28.03. 2019-жыл.
Чогулушка: Дөң-Булак айылөкмөтүнүн Бахмал-1 айылынын тургундары жана Бахмал айылдык комиттетинин башчысы О.Булашбаев катышты
Жалпысы 32 адам катышты.
Күн тартибиндеги маселе боюнча Бахмал айылдык комитетинин башчысы Булашбаев Осмон сөзгө чыгып, ат коюлбаган көчөлөргө ат кою жана табличкаларды илүү жөнүндө кеңири токтолуп өттү.
Угулду: Исабаев Бектур- Бахмал айылынын жаамат башчысы
Азыркы Ак-Терек көчөсүн Монтоев Суратбек деп атоону сунушташты.
- жаңы конуштарга жана аты жок көчөлөргө ысым ыйгаруу жана табличкаларды илүүнү белгилеп колдоп берүүсүн суранды.
Бахмал айылынын аксакалы Токонов Абдимиталип сөзгө чыгып, Монтоев Суратбек райондук мамлекеттик администрацияда бир канча жыл иштеп Бахмал айылына жигердүү салымын кошкон кадыр барка ээ болгон.
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл тургундары, С.Акматалиев, Эшмуратова Фатима жаштардан Айдаралыев Нематила жана башкалар чыгып сүйлөп, аты коюлуп жаткан кишилер татыктуу экенин белгилеп, системдик базадан жана башка кыйынчылыктардан кутулганын андан сырткары көчөгө көнүл буруларын айтышып макулдугун беришти.
Сунуш бир добуштан кабыл алынды.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Бахмал-1 айылынын тургундарынын жалпы жыйыны төмөндөгүдөй
- ысым ыйгарылган көчөлөргө даректүү маалыматтарды, жазууларды илүү жана ар тараптуу инфраструктурасын жакшыртууга көмөктөшүү жагы демөөрчүлөр менен айыл башчыларына милдеттендирилсин.
Жыйындын төрагасы О.Булашбаев
Катчысы Б.Исабаев