Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-шайланган депутаттарынын кезексиз XXIV- сессиясы
2019-жылдын 22-февралы № 93
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин эсебинен “Коомдук үрөн фондусун” уюштурууүчүн айдоо аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай мелиорация министрлигинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы ““Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү -1 жана 2” долбоорлорунун алкагында уюшулуп жаткан Коомдук үрөн фондуларын мындан ары өнүктүрүү жөнүндөгү” №01-4/4421 сандуу катына ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринен 20 гектар айдоо аянтын бөлүп берүү жөнүндөгүмаселени угуп жана талкуулап, Дөң-Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында Коомдук үрөн фондусун уюштуруу үчүн кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринен №844 контурунан 11 га, №921 контурунан 9 га, бардыгы 20 гектар айдоо аянты бөлүнүп берилсин.
2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына бөлүнүп берилген айдоо аянтын тактап берүү жагы суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |