Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-шайланган депутаттарынын кезексиз XXVI- сессиясы
2019-жылдын 29-апрели № 101
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бекитилген бюджетине кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына карата 2018-жылдын бюджетине каралган чыгаша бөлүгүн сарамжалдуу пайдалангандыктан жана белгиленген тапшырмадан киреше бөлүгүн ашыкча аткарылгандыгынын натыйжасында бош (свабодный остаток) 4863,8 (Төрт миллион сегиз жүз алтымыш үч миң сегиз жүз) сом акча каражаты калган, жогорудагы акча каражатынан пайдалануу максатында аткарыла турган жумуштардын арасынан:
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы тазалыкты сактоо максатында 2019-жылга карата “Дөң-Булак тазалык” ишканасы ачылган. Аталган ишканага баштапкы жумуштарды баштоо үчүн 2019-жылга карата жалпы бюджети 454,9 миң сомду түзүп, ишкананын жеке бюджети ар бир кожолука 100 сомдон бекитилип (айыл өкмөтүндө 2019-жылдын 1-январына карата 3074 кожолук аныкталган, орточо эсепте 3000 кожолук эсепке алынып, бир жылдык жыйым 300,0 миң сомго бекитилген), бир жылдык жыйымы 300,0 миң сомду түзгөн. Ал эми калган жетпеген каржылык эсебин айыл өкмөтү тарабынан көмөк көрсөтүүүчүн 2018-жылдан (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен 281,0 миң сом;
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Чымбай, Төөлөс, Бабаш уулу жана Боксо-Жол айылдарын ичүүчү таза-суу менен камсыз кылууга Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо банкынын долбооруна кошулуп. Жалпы бюджет (69,845 миң евро 1евро=80 сом) 5 587,6 миң сомду түзгөн. Кайтарым 2019-жылга карата (4122 евро 1евро=80 сом) 329,8 сомду түзгөн. Азыркы күндө 2019-жылга карата бөлүнгөн акча каражатынын 50% пайызын төгүү тапшырмасы берилген. Ошол себептен жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында айыл өкмөтүнүн 2018-жылдан (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен (2061 евро 1евро=78,4525 сом) 162,0 миң сом;
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Г.Титов орто мектеби Мерсико долбооруна катышып,1-класстан 4-класска чейинки окуучуларга ысык тамак уюштурууга аталган долбоор тарабынан 584,6 миң сом акча каражатын бөлдүрүп, ага ашканага керектелүүчү эмеректерди алып келүүгө келишим түзүлгөн. Ал эми айыл өкмөтү тарабынан аталган долбоордун демилгесин колдоо менен тамак аш уюштурулуучу жайды ар кандай жетишпеген тетиктерин толугу менен бүткөрүү максатында айыл өкмөтүнүн 2018-жылдан (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен 153,3 миң сом;
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жоо-Алма айылындагы жаңы конушка электр чубалгылары тартылбагандыктан, аталган айылдын тургундары чогулуп биргеликте электр мамычаларын алышкан. Ал эми электр чубалгыларын (зымдарын) айыл өкмөтүнүн бюджетинен 1600 метр (0,35 мм, 1 метр=25 сом) электр чубалгысын(зымын) сатып алып берүүнү суранышкан. Ошол себептен айыл өкмөтүнүн 2018-жылдан (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен 40,0 миң сом;
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бабаш уулу айылына мектеп балдары үчүн негизинен кышкы мезгилде мектептен кеч кайтууда чоң коркунуч туудурган маселе карангы жолдо басуу өтө кооптуу, ошол себептен аталган жерге жарыктык коюу зарыл болгондуктан, айыл өкмөтүнүн 2018-жылдан (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен 100,0 миң сом;
Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78 “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” мыйзамынын17-беренесине ылайык Дөң-Булак айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы тазалыкты сактоо максатында 2019-жылга карата “Дөң-Булак тазалык” ишканасы ачылган. Аталган ишканага баштапкы жумуштарды баштоо үчүн 2019-жылга карата жалпы бюджети 454,9 миң сомду түзүп, ишкананын жеке бюджети ар бир кожолука 100 сомдон бекитилип (айыл өкмөтүндө 2019-жылдын 1-январына карата 3074 кожолук аныкталган, орточо эсепте 3000 кожолук эсепке алынып, бир жылдык жыйым 300,0 миң сомго бекитилген), бир жылдык жыйымы 300,0 миң сомду түзгөн. Ал эми калган жетпеген каржылык эсебин айыл өкмөтү тарабынан көмөк көрсөтүүүчүн 2018-жылдан (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен айыл чарба бөлүмүнүн 22154900 беренесинен 281,0 миң сом каралып, аткарууга алынсын;
2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Чымбай, Төөлөс, Бабаш уулу жана Боксо-Жол айылдарын ичүүчү таза-суу менен камсыз кылууга Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо банкынын долбооруна кошулуп. Жалпы бюджет (69,845 миң евро 1евро=80 сом) 5 587,6 миң сомду түзгөн. Кайтарым 2019-жылга карата (4122 евро 1евро=80 сом) 329,8 сомду түзгөн. Азыркы күндө 2019-жылга карата бөлүнгөн акча каражатынын 50% пайызын төгүү тапшырмасы берилген. Ошол себептен жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында айыл өкмөтүнүн 2018-жылдан (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен айыл чарба бөлүмүнүн 22154900 беренесинен 162,0 миң сом каралып, аткарууга алынсын;
3. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Г.Титов орто мектеби Мерсико долбооруна катышып,1-класстан 4-класска чейинки окуучуларга ысык тамак уюштурууга аталган долбоор тарабынан 584,6 миң сом акча каражатын бөлдүрүп, ага кухняга керектелүүчү эмеректерди алып келүүгө келишим түзүлгөн. Ал эми айыл өкмөтү тарабанан аталган долбоордун инициативасын колдоо менен тамак аш уюштурулуучу жайды ар кандай жетишпеген тетиктерин толугу менен бүткөрүү максатында айыл өкмөтүнүн 2018-жылдан (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен билим берүү бөлүмүнүн 22221200 беренесинен 153,3 миң сом каралып, аткарууга алынсын;
4. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жоо-Алма айылындагы жаңы конушка электр чубалгылары тартылбагандыктан, аталган айылдын тургундары чогулуп биргеликте электр мамычаларын алышкан. Ал эми электр чубалгы зымдарын айыл өкмөтүнүн бюджетинен 1600 метр (0,35 мм, 1 метр=25 сом) электро чубалгы зымын сатып алып берүүнү суранышкан. Ошол себептен айыл өкмөтүнүн 2018-жылдан (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен айыл чарба бөлүмүнүн 33113290 беренесинен 40,0 миң сом каралып, аткарууга алынсын;
5. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бабаш уулу айылына мектеп балдары үчүн негизинен кышкы мезгилде мектептен кеч кайтууда чооң коркунуч туудурган маселе карангы жолдо басуу өтө кооптуу ошол себептен аталган жерге жарыктык коюу зарыл болгондуктан айыл өкмөтүнүн 2018-жылдан (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен айыл чарба бөлүмүнүн 31113290 беренесинен 100,0 миң сом каралып, аткарууга алынсын;
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |