ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-шайланган депутаттарынын кезексиз XXVI- сессиясы
2019-жылдын 29-апрели № 102
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бекитилген бюджетине кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына карата 2018-жылдын бюджетине атайын каражат эсебине каралган чыгаша бөлүгүн сарамжалдуу пайдалангандыктан жана белгиленген тапшырмадан киреше бөлүгүн ашыкча аткарылгандыгынын натыйжасында бош (свабодный остаток) 421,7 (Төрт жүз жыйырма бир миң жети жүз) сом акча каражаты калган. Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78 “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” мыйзамынын 17-беренесине ылайык, жогорудагы акча каражатынан, Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Ж.Шеркулов орто мектебинде принтер жок болгондуктан 2018-жылдан калган калдыктын эсебинен 30,0 миң сом акча каражатын бөлүп берүү максатында, Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Ж.Шеркулов орто мектебинде принтер алуу үчүн бош (свабодный остаток) калган атайын каражат калдыктын эсебинен аппарат бөлүмүнүн 3112 беренесинен 30,0 миң сом каралып, аткарууга алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |