Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-шайланган депутаттарынын кезексиз XXVI- сессиясы
2019-жылдын 29-апрели № 104
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төөлөс айылынын тургундарынын жаңы көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу боюнча жалпы чогулушунун протоколун бекитип берүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төөлөс айылынын тургундарынын жаңы көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу боюнча жалпы чогулушунун протоколун бекитип берүү жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап, элдин көйгөй маселелерин жана социалдык муктаждыктарын чечип берүү максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төөлөс айылынын тургундарынын жаңы көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу боюнча 2019-жылдын 22-февралындагы жалпы чогулушунун протоколу бекитилсин.
2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төөлөс айылындагы 2-көчө Зулпукаров Өмарали деп аталсын.
3. Ат же ысым ыйгарылган көчөгө даректүү маалыматтарды, жазууларды илүү жагы демөөрчүлөр менен Бахмал айылдык комитетинин башчысы О.Булашбаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |