Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-шайланган депутаттарынын кезексиз XXVI- сессиясы
2019-жылдын 29-апрели № 105
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бабаш уулу айылындагы Т.Төлөнбаев орто мектебинин окуучуларына жаңы мектеп куруу үчүн жер участогун ажыратып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесине ылайык Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бабаш уулу айылындагы Т.Төлөнбаев орто мектебининокуучуларына жаңы мектеп куруу үчүн жер участогун ажыратып берүү жөнүндөгү жергиликтүү элдин суроо-талабын канааттандыруумаксатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бабаш уулу айылындагы Т.Төлөнбаев орто мектебининокуучуларына жаңы мектеп куруу үчүн 0,60 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Жер тилкесин ажыратып берүү жана курулуш иштерин жүргүзүүгө тиешелүү иш кагаздарын мыйзам талаптарына ылайык даярдоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Суралсын Өзгөн райондук кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармалыгынан жана Өзгөн районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан керектүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |