Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-шайланган депутаттарынын кезексиз XXVI- сессиясы
2019-жылдын 29-апрели № 107
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бабаш уулу айылындагы тегирмендин жер аянтынын ээси Нуржанова Гулзада Кадырбековна тегирмен салуу үчүн берилген жер тилкесин пайдалануубагытын өзгөртүү боюнча жазган арызын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 3-бөлүмүнө ылайык Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бабаш уулу айылындагы тегирмендин жер аянтынын ээси Нуржанова Гулзада Кадырбековна тегирмен салуу үчүн берилген жер тилкесинин пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча жазган арызын угуп жана талкуулап,Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бабаш уулу айылындагы Нуржанова Гулзада Кадырбековнанын жолдошу Боронбаев Жумабайга тегирмен куруу үчүн 1995-жылдын 10-декабрындагы №10 токтому менен берилген 800 кв.м жер аянтынын пайдалануу багытынөзгөртүп, турак жай салуу үчүн макулдук берилсин.
2. Жер аянтын мамлекеттик актынын негизинде тактап, турак жай салуу үчүн мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Ажыратылган жер аянтына шаар түйүнүнүн планын даярдоо жагыӨзгөн районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |