Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-декабры №13/1
Кашка- Жол айыл аймагнын 2019-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө
Жергилүктүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Кашка-Жол айылдык Кеңешинин «2019-жылга карата Кашка-Жол айыл аймагынын бюджетин бекитүү жөнүндө» Кашка-Жол айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Асанованын маалыматын жана Кашка-Жол айыл аймагынын Кеңешинин бюджети боюнча туруктуу комиссиянын жыйналышынын туруктуу комиссиянын берген сунушун угуп жана талкуулап, Кашка-Жол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Жол айыл аймагынын 2019-жылдагы бюджетинин кирешелер болугу 10502,5миң сомго жана чыгашалар болүгү 10502,5 мин сомго долбоору бекитилсин.
2. Кашка-Жол айыл аймагынын тиешелүү уюмдар тарабынан кабыл алынып жаткан нормативдик актылардын негизинде , ошондой эле өндүрүштүк көлөмдөрүнүн баалардын инфляциясынын деңгээлине жана башка процесстердин эсебинен келип чыккан өзгөртүүлөргө ылайык, бюджеттик статьялар боюнча өзгөртүүлөрдү жыл ичинде киргизилип турууга укук берүү менен бул өзгөртүүлөр айылдык Кеңештин сессиясында каралып, бекитиле тургандыгы белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Жол айылдык Кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана Кашка-Жол айыл аймагынын башчысы Рахманберди уулу Шайырбекке тапшырылсын.
Төрага | Оморов Т. |