Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-майы № 44
Теплоключенка айыл аймагында жайгашкан ванналардан жана бассейинден чыккан саркынды суулар боюнча маселени кароо жөнүндө
Теплоключенка айыл аймагынын жаштарынын жана жалпы тургундарынын кайрылуусун карап, талкууга алып, айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ак-Суу Кенч” эс алуучу жай тарабынан Теплоключенка айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги №19 токтомунун 1 жана 2 пунктагы шарттар аткарылбаганына байланыштуу тиешелүү органдар аркылуу чара көрүлсүн.
2. “Өмүр-Дарыя” жана “Ак-Суу Кенч” эс алуучу жайларынын бассейндерден чыккан саркынды сууларын тазалоочу жайлар курулсун.
3. Алтын-Арашан капчыгайында жайгашкан сууга түшчү бассейндерге саркынды суу тазалоочу жай курулсун, курулуш иштери бүткүчө бассейндерди убактылуу жабуу жагы тиешелүү органдарга сунушталсын.
4. Бул токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын жана юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш. Кобонбаевге жуктөлсүн.
Төрага | Э.А.Темиров |