Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-майы № 16/1
Кара-Кулжа айылында жайгашкан муниципалдык менчиктеги Э.Осмонов атындагы орто мектебинин 27089.0 чарчы метр жер аянтынан 240 оорундуу эки кабаттуу заманбап бала бакча курууга 4225.00 чарчы метр жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 5 -“Жергиликтүү жааматтын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын көзөмөлгө ишке ашыруу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана айылдык кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комитетинин 14.05 2019-жыл № 1/ 3 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:-
1. Кара-Кулжа айылында жайгашкан муниципалдык менчиктеги Э.Осмонов атындагы орто мектебинин 27089.0 чарчы метр жер аянтынан 240 оорундуу эки кабаттуу заманбап бала бакча курууга 4225.00 чарчы метр жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Бала бакча курулушунун долбоорун түзүү жана документтерин тариздөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жаанбаевге тапшырылсын.
Төрага | Б.Саипов |