Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
он алтынчы сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2019-жылдын 23-майы № 16/4
Кара-Кулжа айылында жайгашкан Ш.Жээнбеков атындагы мектеп интернатынын 35845.00 чарчы метр жер аянтынан кесиптик техникалык окуу жайынын жаны имараттын курууга 1200.00 чарчы метр жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 5 -“Жергиликтүү жааматтын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын көзөмөлгө ишке ашыруу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана айылдык кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комитетинин 14.05 2019-жыл № 1/ 5 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айылында жайгашкан Ш.Жээнбеков атындагы мектеп интернатынын 35845.00 чарчы метр жер аянтынан кесиптик техникалык окуу жайынын жаны имараттын курууга 1200.00 чарчы метр жер аянтын бөлүнүп берилсин.
2. Кесиптик техникалык окуу жайынын жаны имаратынын курулушунун долбоорун түзүү жана демөөрчүлөр менен ишкердүү иштерди уюштуруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жаанбаевге тапшырылсын.
Төрага | Б.Саипов |