Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
он алтынчы сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2019-жылдын 23-майы № 16/5
1-Май айылынын тургуну Жээнбеков Маматшамшидинге кооптуу жер көчкү жерлердин жер кыртышын бышыктоого көчөттөрдү отургузуп, көрктөндөрүүгө 2.0 га жер аянтты берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кара-Кулжа айылдык кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комитетинин 14.05 2019-жыл № 1/ 7 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-Май айылынын тургуну Жээнбеков Маматшамшидинге кооптуу жер көчкү жерлердин жер кыртышын бышыктоого көчөттөрдү отургузуп, көрктөндөрүүгө 2.0 га жер аянтка макулдук берилсин.
2. 1-Май айылынын тургуну Жээнбеков Маматшамшидин менен келишимин түзүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын эске алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жаанбаевгежүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |