Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
он алтынчы сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2019-жылдын 23-майы № 16/6
Биймырза айылында жайгашкан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги айыл башчысынын имараты жайгашкан жер аянттан 790.88 чарчы метр жер аянтты ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 5 -“Жергиликтүү жааматтын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын көзөмөлгө ишке ашыруу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана айылдык кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комитетинин 14.05 2019-жыл № 1/ 6 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:-
1. Биймырза айылында жайгашкан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги айыл башчысынын имараты жайгашкан жер аянттан 200 оорундуу кийим тигүүчү фабрика куруу үчүн 790.88 чарчы метр жер аянтты ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Ижара келишимин түзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жаанбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |