Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
он алтынчы сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2019-жылдын 23-майы № 16/7
Кара –Кулжа айыл аймагынын жер фондун инвентарлоо боюнча иш кагаздары, АКТ сы жана материалдарынын жыйынтыктары жөнүндө
Кара –Кулжа айыл аймагынын жер фондун инвентарлоо боюнча иш кагаздары, АКТ сы жана материалдарынын жыйынтыктары жөнүндөгү айылдык кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комитетинин 14.05 2019-жыл № 1/ 2 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара –Кулжа айыл аймагынын жер фондун инвентарлоо боюнча иш кагаздары, АКТ сы жана материалдарынын жыйынтыктары эске алынсын.
2. Кара-Кулжа айыл аймагынын административдик чек арасынын “Сары-Таш” учаскасындагы мурун шаали эгилген жер аянттары Ылай –Талаа айыл аймагы менен талаш маселе соттук отурумдардын жыйынтык кийин Кара –Кулжа айыл аймагынын жер фондун инвентарлоо боюнча документтерин кароо белгиленсин.
3. Кара-Кулжа айыл аймагынын административдик чек арасынын “Секелек” жана “Жаналмай” учаскаларындагы Кара-Кочкор айыл аймагы менен талаш маселелер, соттук отурумдардын жыйынтык аныктамасынан кийин Кара –Кулжа айыл аймагынын жер фондун инвентарлоо боюнча документтерин кароо белгиленсин.
4. Кара-Кулжа айыл аймагынын административдик чек арасынын талаш жер учаскалары боюнча сотко кайрылууга документтерди тариздөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жаанбаевгежүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |