Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-майы № 16/8
АРИС тен келген техниканы Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесине (ЖПБ) бекитүү жана айыл окмот менен ЖПБ ортосунда пайдалануу укугунда муниципалдык менчикти бекитүү боюнча келишимди түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө “Мыйзамынын 18-бер.1-п 2-чп жана 31-бер. 2-п. 5-чп. , “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-бер.1-п . жана 19-бер. ылайык, Жайыттарды жана мал чарбачылыкты башкарууну жакшыртуу долбоорунун (ПУУПЖ) алкагында сатылып алынган HOWO маркасындагы самосвал (мындан ары- Техника) атайын техникасы муниципалдык мүлкүн натыйжалуу пайдалануу максатында, 2019-2023-ж ж. Жайыттарды башкаруу жана Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылдык аймагынын Айылдык кенешинин пайдалануу боюнча планын жана Жайыттарды жана Жайыт инфраструктурасын жакшыртууну ишке ашыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Муниципалдык мүлк айыл өкмөтүнүн пайдалануу укугунда, Кара-Кулжа жайыт пайдалануучулар бирикмесине бекитилсин.
2. Кара-Кулжа айылдык аймагынын айыл өкмөтү Жайыт пайдалануучулар бирикмесине пайдалануу укугунда муниципалдык менчикти бекитүү жөнүндө келишимди түзсүн.
3. Төмөндөгү курамда техниканы өткөрүп берүү жана кабыл алуу боюнча комиссия түзүлсүн:
1. А.Камчыбеков-айылдык кенештин депутаты,
2. А.Абазов -айылдык кенештин депутаты,
3. А.Таиров-айылдык кенештин депутаты,
4. А.Ормокеев-айыл өкмөтүнүн башчысы,
5. Д.Кадыров -жооптуу катчы, 6. А.Жумабаев -жайыт комитетинин төрагасы,
7. Ж.Таиров-жайыт комитетинин мүчөсү, 8. Э.Сагынбаев -жайыт комитетинин мүчөсү,
9. Ө.Жолдошов-жайыт комитетинин мүчөсү,
4. Жайыт комитет айылдык кенештин бекитүүсүнө Техниканын кызматтарын көрсөтүү боюнча тарифтерди иштеп чыксын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жаанбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |