Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
он алтынчы сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2019-жылдын 23-майы № 16/9
1-Май айылдагы ички жолдордун шартын жакшыртууга жана шагыл төшөөгө, сегиз мандаттуу 1-Май шайлоо округуна болунгон акча каражатынан 100.000 (жүз мин) сом акча каражаты жана “Жоогазын” бала бакчага электр эмеректерин алмаштырууга жана сатып алууга 41.205 сом акча каражаты бир статиядан экинчи статияга которуу жөнүндө
Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-Май айылдагы ички жолдордун шартын жакшыртууга жана шагыл төшөөгө, сегиз мандаттуу 1-Май шайлоо округуна ар түрдүү чыгымдарына каралган акча каражатынан 100.000 (жүз мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. 1-Май айылында жайгашкан “Жоогазын” бала бакчага электр эмеректерин алмаштырууга жана сатып алууга 41.205 сом акча каражаты 704 бөлүмдүн 2215 статиядан 709 11 бөлүмдүн 2215 статиясына которулсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Мамасалиевага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |