Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
он алтынчы сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2019-жылдын 23-майы № 16/10
Кара-Кулжа айыл аймагында жайгашкан Кара-Кулжа, 1-Май жана Биймырза айылдарына Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү Банкы аркылуу айыл тургундарын таза-суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 33-беренесинин 2 “Тиешелүү аймактын социалдык-маданий инфраструктурасын өнүктүрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чындоо боюнча кенешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана 18-май 2019-жылдагы 1-Май айылынын, 20-май 2019-жылдагы Биймырза айылынын, 21-май Кара-Кулжа айылынын элдик жыйындардын “Кара-Кулжа айыл аймагында жайгашкан Кара-Кулжа, 1-Май жана Биймырза айылдарына Европа банкы аркылуу айыл тургундарын таза-суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо долбоорун жактыруу жана колдоо жөнүндөгү” протоколдук чечимдерин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айыл аймагында жайгашкан Кара-Кулжа, 1-Май жана Биймырза айылдарына Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү Банкы аркылуу айыл тургундарын үзгүлтүксүз таза-суу менен камсыздоо долбоору жактырылсын.
2. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү Банкы аркылуу Кара-Кулжа, 1-Май жана Биймырза айылдарынын тургундарын үзгүлтүксүз таза-суу менен камсыздоо долбоору боюнча кайтарым кредитин төлөөнү колго алуу багытында жергиликтүү калкты уюштуруп, өздук салым иштерин аткаруу жагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жаанбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |