А. СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын XX сессиясы
2019-жылдын 13-августу № 89
Кызмат көрсөтүүнү жакшыртуунун аракеттер планын ( КЖАП) ишке ашырууга өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Торкен айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы Ш.К. Жуматаевдин
“Жергиликтүү деӊгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун 2-фазасынын алкагында Муниципалитеттер аралык кызматташуу сынагына катышуужөнүндө маалыматын, депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап,
А. Суеркулов атындагы айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Жергиликтүү деӊгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун 2- фазасынын алкагында Токтогул шаардык мэриясынын, Торкен айыл аймагы жана Жаӊы –Жол айыл аймагы менен биргеликте Муниципалитеттер аралык кызматташуу ( мындан ары МАК) сынагына катышуусу колдоого алынгандыгы эске алынсын.
2. МАК алкагында түзүлгөн Кызмат көрсөтүүнү жакшыртуунун аракеттер планынын (КЖАП) суммасынын 25 % үчтөн бир бөлүгүн өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Аталган долбоордун алкагында тиешелүү иштерди аткаруу Торкен айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.К. Жуматаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы А.Суеркулов атындагы айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
5. Токтомду www. Тorken.kg веб сайтына жайгаштыруу оператор-компютерщик Т.Кебековго тапшырылсын.
6. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Төрага | У.Бучуков |