Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6- чакырылышынын кезексиз 28-сессиясы
2019-жылдын 19-июну № 29-4
Көк-Жар айыл аймагындагы №5414 Борбаш шайлоо участкасынан шайланган депутат Абдираим уулу Акылбектин депутаттык мандатын кароо жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагындагы №5414 борбаш шайлоо участкасынан шайланган депутат Абдираим уулу Акылбектин жазган арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын мандаттары жөнүндөгү мыйзамына ылайык айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл аймагындагы №5414 Борбаш шайлоо участкасынан шайланган депутат Абдираим уулу Акылбектин өз ыктыяры менен депутаттык мандатын тапшыруусуна макулдук берилсин.
2. Андан киийнки көп добуш алган талапкерди тактап, ага депутаттык мандат берүү жагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Туманов |