Редакцияот 19.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

6-чакырылышынын кезектеги 29-сессиясы

2019-жылдын 19-июну № 29-9

Көк-Жар айыл өкмөтүндөгү борбордук базарынын күн батыш тарабында жайгашкан колдонуу мөөнөтүнүн эскилиги жетип калгандыгына байланыштуу муниципиалдык менчигинде турган эски клубду бузуу жөнүндө

Көк-Жар айыл өкмөтү тарабынан жазылган сураныч катын жана бул тууралуу Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп, жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамына ылайык Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жар айыл өкмөтү тарабынан жазылган сураныч каты жана, Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечими канааттандырарлык деп табылсын.

2. Көк-Жар айыл өкмөтүндөгү борбордук базарынын күн батыш тарабында жайгашкан колдонуу мөөнөтүнүн эскилиги жетип калгандыгына жана борбордук базарын кеңейтүү максатында муниципиалдык менчигинде турган эски клубду бузууга макулдук берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адисине тапшырылсын.

 

Төрага

Н.Туманов