Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылышынын кезектеги 29-сессиясы
2019-жылдын 19-июну № 29-12
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын кызматтык автоунаасын айыл өкмөтүнүн балансынан чыгаруу жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү кызматтык автоунаасы 17 жылдан бери кызмат өтөп, эскилиги жетип, иштетүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын сураныч катын карап жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына негиз Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасы кызмат өтөө мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу айыл өкмөтүнүн балансынан чыгарылсын.
2. Кызматтык автоунаанын мындан ары сатылышы же болбосом жок кылынышы мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы аймактык башкармалыгынан суралсын.
3. Мындан ары мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы, айыл өкмөтүнүн башчысы Миңбаев Саттаралиге жана ФЭБнүн башчысы Тургунбай уулу Айтибекке тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Туманов |