Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-майы № 97/XXIX-1
Кайыңды шаардык кеңешинин 2019-жылдын 5-мартындагы №95/XXVIII-3 “Калк жашаган аймактагы таштандыларды ташып чыгаруу кызматынын акысынын жогорулашы жөнүндө” токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Салыктардан эмес кирешелер жөнүндө” мыйзамынын 75-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин 11-пунктунун негизинде Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды шаардык кеңешинин 2019-жылдын 5-мартындагы №95/ XXVIII-3 “Калк жашаган аймактагы таштандыларды ташып чыгаруу кызматынын жогорулашы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
-Токтомдун башкы бѳлүгүндөгү “Кыргыз Республикасынын “Салыктар эмес кирешелер жөнүндө” мыйзамынын 75-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин 11-пунктунун негизинде деген сүйлөмдү Кыргыз Республикасынын “Салыктар эмес кирешелер жөнүндө” мыйзамынын 75-76-беренелеринин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасынын негизинде деген сүйлөмгө алмаштырылсын;
-текстин биринчи пунктундагы “курулуштардын жеке жана юридикалык ээлери, ошондой эле курулуштарды же анын бир бөлүгүн ижарага бергендер үчүн жылына бир жолу 99 (токсон тогуз) сомдон дегенге “ташып чыгаруунун өлчөмү жумушчулардын санына жана бекитилген аянтына жараша төлөнөт” деп толукталсын.
2. Мындан ары токтомдун тексти төмөндөгүдөй тартипте окулсун:
Кыргыз Республикасынын “Салыктар эмес кирешелер жөнүндө” мыйзамынын 75-76-беренелеринин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасынын негизинде Кайыңды шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. 2019-жылдын 01-январынан тартып калктуу конуштардан таштандыларды чогултуунун баасынын көлөмү төмөндөгүдөй бекитилсин:
-18 жаштан жогорку ар бир тургунга жылына бир жолу 15 (он беш) сомдон;
- жеке жана юридикалык жактар – ишкердик иши үчүн арналган имараттардын ээлери, анын ичинде курулушту же анын бир бөлүгүн ижарага берүүчүлөр ар бир жумушчуга же бекитилген аянттын бир чарчы метрине жылына бир жолу 99 (токсон тогуз) сом төлөйт.
2. Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн төлөө мөөнөтү ар бир жылдын 1-июлунан кечиктирилбей төлөнүүсү көрсөтүлсүн.
3. Кайыңды кыштактык кеңешинин (азыркы Кайыңды шаардык кеңеши) 2009-жылдын 6-мартындагы №17/IV-3 токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |