Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-майы № 98/XXIX - 2
Кайыңды шаардык мэриясынын муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин аукцион аркылуу сатууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктуна Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесине жана Жер Кодексинин 29-беренесине ылайык Кайынды шаардык Кенешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды шаарынын мэриясына шаардын аймагындагы төмөнкү даректерде жайгашкан жер тилкелерин аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин:
1. Кайыңды ш. Бейзерц көчөсүндөгү №11/1 жана 11/2, жалпы аянты 986,0 чарчы метр.
2. Кайыңды ш. Мира көчөсүндөгү №6/1, жалпы аянты 90,0 чарчы метр.
3. Кайыңды ш. Октябрга 60 жыл көчөсүндөгү , жалпы аянты 630,0 чарчы метр.
4. Кайыңды ш. Каныкей көчөсү 21 жалпы аянты 225,0 чарчы метр.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин турак-жай, жер агрардык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |