Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-майы № 99/XXIX- 3
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын сунушун кароо тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын 2019-жылдын 28-февралындагы №10-1/0781 “Мектеп бүтүрүүчүлөрүн ветеринардык адистикке окутууга кеткен чыгымды жергиликтүү бюджеттен төлөп берүү” жөнүндө кайрылуусун карап чыгып, Кайыңды шаарынын мэриясынын 2019-жылга карата бюджеттинде каражат чектелүү экендигин эске алып:
1. Кайыңды шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын “Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн ветеринардык адистикке окутууга кеткен чыгымды жергиликтүү бюджеттен төлөп берүү” жөнүндө кайрылуусу боюнча келишим түзүүдөн баш тартуусу көрсөтүлсүн.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |