Загрузка документа…
ТОКТОМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12- июну № 202/29-4
“Токмок Водоканал” МИнын калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу, канализация жана тазалоочу курулмаларынын иштөө системасы жөнүндө
“Токмок Водоканал” МИнын директорунун калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу, канализация жана тазалоочу курулмаларынын иштөө системасы боюнча аткарылган иштери жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап чыгып, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак-жай коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Токмок Водоканал” МИнын директорунун калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу, канализация жана тазалоочу курулмаларынын иштөө системасы боюнча отчету эске алынсын.
2. “Токмок водоканал» МИнын директору Жансеитов Ш.К. - депутаттардын талкулоосунун жүрүшүндөгү баардык айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак-жай коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |