Загрузка документа…
ТОКТОМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12- июну № 204/29-4
Жарыктандыруу, көрктөндүрүү жана жалпы пайдалануудагы жерлерди жашылдандырууну, ошондой эле таштандыларды, турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана керекке жаратууну уюштуруу жөнүндө
Токмок шаарынын Коммуналдык ишканалар комбинатынын директорунун “Жарыктандыруу, көрктөндүрүү жана жалпы пайдалануудагы жерлерди жашылдандырууну, ошондой эле таштандыларды, турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана керекке жаратууну уюштуруу жөнүндө” отчетун угуп жана талкуулап чыгып, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак-жай коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. коммуналдык ишканалар комбинатынын директорунун жарыктандыруу, көрктөндүрүү жана жашылдандырууну, ошондой эле таштандыларды чыгаруу жана турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын керекке жаратууну уюштуруу боюнча аткарылган иштери жөнүндө отчету эске алынсын.
2. Коммуналдык ишканалар комбинатынын директору Жакупбеков Э.Т. - депутаттардын талкулоосунун жүрүшүндөгү баардык айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак-жай коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |