Загрузка документа…
ТОКТОМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
2019-жылдын 12- июну № 206/29-4
Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясы тарабынан берилген материалдарды карап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Төмөнкү бюджеттик мекемелер боюнча бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга макулдук берилсин:
Токмок шаарынын мэриясы:
- 2-квартал боюнча: “Дагы башка кызмат көрсөтүүну алуу” 2215- беренесинен “Машиналар жана жабдуулар” 3112 -беренесине 100,0 миң сом кѳлѳмүндѳ жана “Дагы башка кызмат көрсөтүүну алуу” 2215 беренесинен “Соттун чечимдерин аткаруу” 2823 беренесине 1,2 миң сом ѳлчѳмүндѳ жылдырууга;
- 3-квартал боюнча: “Дагы башка кызмат көрсөтүүну алуу” 2215 -беренесинен “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу” 2222- беренесине 100,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ жылдырууга;
Токмок бириккен шаардык аскер комиссариаты:
- 2-квартал боюнча: “Дагы башка кызмат көрсөтүүну алуу” 2215- беренесинен 30,0 миң сом кѳлѳмүндѳ, “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу” 2222- беренесинен 246,7 миң сом кѳлѳмүндѳгү бюджеттик ассигнованиелерди “Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар” 2221- беренесине 276,7 миң сом ѳлчѳмүндѳ жылдырууга;
3-квартал боюнча: “Дагы башка кызмат көрсөтүүну алуу” 2215 -беренесинен 25,0 миң сом кѳлѳмүндѳ, “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу” 2222- беренесинен 238,7 миң сом кѳлѳмүндѳгү бюджеттик ассигнованиелерди “Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар” 2221 -беренесине 263,7 миң сом ѳлчѳмүндѳ жылдырууга.
2. Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча башкармалыгынын жергиликтүү салыктарды топтоо бөлүмүнүн ар бир кызматкерине 11,0 миң сомдон жумуштарына дем берүү үчүн жана “Кыргыз Республикасынын салык кызматкерлеринин күнү” кесиптик майрамынын урматына, “Турак жай жана коммуналдык кызматтар” 706 бөлүмүнүн (Токмок ш. ММБсы) “Имараттар жана курулуштар” 3111 - беренесинен “Жалпы багыттагы мамлекеттик кызмат” 701 -бөлүмүнө (Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча башкармалыгы) 66,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ, анын ичинен “Маяна” 2111 - беренесине 56,3 миң сом жана “Социалдык Фондго төгүмдөр” 2121- беренесине 9,7 миң сом ѳлчѳмүндѳ, бюджеттик ассигнованиелерди жылдыруу жолу менен, сый акы берүүгө макулдук берилсин.
2.1. 2019-жылдын 1-июлунан тартып Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча башкармалыгынын жергиликтүү салык топтоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин эмгек акыларына 3000 сомдон, бюджеттик ассигнованиелерди “Турак жай жана коммуналдык кызматтар” 706 бөлүмүнүн (Токмок ш. ММБсы) “Имараттар жана курулуштар” 3111- беренесинен “Жалпы багыттагы мамлекеттик кызмат” 701-бөлүмүнө (Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча башкармалыгына) 108,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ, анын ичинен “Маяна” 2111- беренесине 92,1 миң сом ѳлчѳмүндѳ жана “Социалдык Фондго төгүмдөр” 2121- беренесине 15,9 миң сом ѳлчѳмүндѳ жылдыруу жолу менен үстѳк акыларды тѳлѳѳ жүргүзүлсүн.
3. Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча башкармалыгынын башчысы (Майтиков Т.К.) ушул токтомдун 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча башкармалыгынын жергиликтүү салык топтоо бөлүмүнүн кызматкерлерине үстѳк акы төлөө үчүн каражаттарды кийинки жылдарга бюджеттин долбоорун түзүүдө карасын жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кароосуна сунуштасын.
4. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Чүй башкармалыгынын башчысы (Мусуралиев С.И.) бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууларды жана каралган төлөмдөрдү ушул токтомдун 1,2 жана 2.1-пунктуна ылайык жүргүзсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |