Загрузка документа…
ТОКМОКСКИЙ ГОРОДСКОЙ КЕНЕШ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
XXIX очередная сессия токмокского городского кенеша IV созыва
от 12-июня 2019 года № 207/29-4
Токмок шаарынын 1-3-кичирайондорунун соода пункттарында алкоголдук жана тамеки продукцияларын сатууга тыюу салуу жана чектөө белгилөө жөнүндө
Токмок ш. 1-3-кичирайонунун тургундарынын 2019-жылдын 8-февралындагы “Токмок шаарынын 1-3-кичирайондорунун соода пункттарында алкоголдук жана тамеки продукцияларын сатууга тыюу белгилөө жөнүндө” кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун тузүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 15-пунктун, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. 1-3-кичирайондорунун төмөнкү жайларда жайгашкан соода пункттарында алкоголдук жана тамеки продукцияларын сатууга тыюу салуу100 метр радиус аралыгында белгиленсин:
- балдар, билим берүү уюмдарына жакын жана аларга жакын жайгашкан аймактарда;
- медициналык мекемелердин аймактарында;
- дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана спорттук курулмаларда;
2. Токмок ш. 1-3-кичирайондорунун соода пункттарында саат 22:00дөн 8:00гө чейин алкоголдук жана тамеки продукцияларын сатууга чектөө белгиленсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаарынын мэри Д.Ж.Амангельдиевге жүктөлсүн.
Председатель | Т.А.Солтобаев |