Загрузка документа…
ТОКТОМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
2019-жылдын 12- июну № 205/29-4
А. Ч. Султановага батир берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын “Муниципалдык менчикте турган, Токмок ш., 3-кичирайону, 27-үй, 2-батир дарегинде жайгашкан батирди Султанова Аяра Чынгызовнага акысыз негизде берүүгө макулдук берүү жөнүндө” кайрылуусун карап чыгып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш., 3-кичирайону, 27-үй, 2-батир дарегинде жайгашкан батирди апрель элдик революциясынын баатыры Султанов Чынгыз Тентиевичдин түздөн-түз мураскери катары (кызы) жашы жете элек Султанова Аяра Чынгызовнага акысыз негизде берүүгө макулдук берилсин.
2. Токмок ш., 3-кичирайону, 27-үй, 2-батир дарегинде жайгашкан батир акысыз негизде Султанова Аяра Чынгызовнанын менчигине өткөрүлүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |