Загрузка документа…
ТОКТОМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
2019-жылдын 12- июну № 209/29-4
Токмок шаардык кеңешинин кварталдык комитетеринин айлык акысы тууралуу буюрмаларын жокко чыгаруу жөнүндө
Токмок ш. прокуратурасынын 2019-жылдын 7-майындагы “Токмок шаардык кеңешинин 2011-жылдын 1-августунун № 30, 2012-жылдын 3-февралындагы № 7, 2015-жылдын 13-мартындагы № 17, 2018-жылдын 23-январындагы №2 буюрмаларын жокко чыгаруу жөнүндө” протестинин негизинде, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколун эске алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Токмок шаардык кеңешинин ”АКӨАБнун төрагаларына жана кварталдык комитеттердин эмгек акысын белгилөө жөнүндө” төмөнкү буюрмалары жокко чыгарылсын:
- 2011-жылдын 1-августунун № 30;
- 2012-жылдын 3-февралындагы № 7;
- 2015-жылдын 13-мартындагы № 17;
- 2018-жылдын 23-январындагы № 2.
2. Кварталдык комитеттердин төрагаларына 3200 сом суммасында, АКӨАБнун төрагаларына 3700 сом суммасында эмгек акы белгиленсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |