Загрузка документа…
ТОКТОМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
2019-жылдын 12- июну № 210/29-4
Ленин көч. 389, 111-кабинет дарегинде жайгашкан “Жакшы үмүт” коомдук кайрымдуулук фондун ижара жана коммуналдык төлөмдөрдү төлөөдөн бошотуу жөнүндө
Токмок ш. мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин демилгечи тобунун келип түшкөн катынын негизинде, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин көч. 389, 111-кабинет (ТРЭСТ имараты) дарегинде жайгашкан “Жакшы үмүт” коомдук кайрымдуулук фондун ижара жана коммуналдык төлөмдөрдү төлөөдөн бошотууга макулдук берилсин.
2. Ленин көч. 389, 111-кабинет (ТРЭСТ имараты) дарегинде жайгашкан “Жакшы үмүт” коомдук кайрымдуулук фондунун коммуналдык төлөмдөрүн төлөө боюнча акча каражаты Токмок ш. мэриясы тарабынан таап берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |