ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
2019-жылдын 12- июну № 211/29-4
Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгына № 24 “Касиет” балдар бакчасынын имаратынын комплексин жана курулуштарын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок ш. мэри Д.Дж. Амангельдиевдин Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгына Токмок ш. 1- кичирайон дарегинде жайгашкан № 24 “Касиет” балдар бакчасынын имаратынын комплексин жана курулуштарын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун карап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгына Токмок шаарынын 1-кичирайонунда жайгашкан № 24 “Касиет” балдар бакчасынын имаратынын комплексин жана курулуштарын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |