Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
2019-жылдын 12- июну № 211/29-4
Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 21-декабрында чыгарылган №111 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Токмок шаарындагы №5 мектеп-гимназиясынын “Т. Сатылганов атындагы №5 мектеп-гимназиясынын аталышын өзгөртүү, ошондой эле №5 орто мектеп статусуна өзгөртүүгө макулдук берүү маселеси боюнча” келип түшкөн катынын негизинде жана Токмок шаардык кеңешинин социалдык маселелер (билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, дин, туризм, жаштар иши) боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык, “Кыргыз Республикасынын Конституциясын”, КРнын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жана башка колдонуудагы ченемдик-укуктук актыларын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин №111-жылдын 2017-жылдын 21-декабрындагы “№5 мектеп-гимназиясынын филиалынын бөлүмүнө макулдук берүү жөнүндө (№13 мурунку толук эмес орто мектеп)” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1-пунктка 1.1. жана 1.2.-пунктчасы менен толукталсын:
1.1. Токмок шаарындагы №5 мектеп-гимназиясынын статусун “орто мектеп” статусуна өзгөртүүгө макулдук берилсин.
1.2. Т. Сатылганов атындагы №5 мектеп-гимназия аталышы Токмок ш. №5 орто мектеп деген аталышта өзгөртүлсүн.
2. Токмок шаардык кеңешинин 2015-жылдын 14-майындагы №158/20-3 токтомунун 2-пунктунда, ушул токтомдогу “2-пункт” сөзү алып салынсын жана күчүн жоготту деп табылсын.
Төрага | Т.А.Солтобаев |