Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-марты № 2/1
Ала-Бука айыл өкмөтү тарабынан 2018-жыл ичинде аткарылган жумуштар боюнча Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы М. Дооранбек уулунун баяндамасын кабыл алуу жөнүндө
Ала-Бука айыл өкмөтү тарабынан 2018-жыл ичинде аткарылган жумуштар боюнча Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы М. Дооранбек уулунун баяндамасын угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин ХХVI- чакырылышынын кезектеги II-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл өкмөтүнүн 2018-жыл ичинде аткарган жумуштары жөнүндөгү баяндамасы кабыл алынсын.
2. Сары-Талаа айылындагы спорт комплексинин курулушу, Ала-Бука айылындагы парктын тегерегин тосмолоо, калыбына келтирүү, С. Ибраимов көчөсүн асфальттоо, тратуарларын калыбына келтирүү, жол жээктерине темир-бетон арык орнотуу долбоорлорун аяктоо боюнча маалыматтар 2019-жылдын 6 айлык жыйынтыгы жөнүндө маселе каралган учурда жыйынтыкталсын.
3. 2019-жыл ичинде айыл аймагынын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүнүн стратегиясын турмушка ашырууда сырткы инвестицияларды тартуу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М. Токтобаевке, курулуш жана архитектура боюнча башкы адистин милдетин аткаруучу А. Ажибековко милдеттендирилсин.
4. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
5. Токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. Максымбековко жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |