Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVI -чакырылышынын кезектеги II- сессиясы
2019-жылдын 12-марты № 2/3
"Ала-Бука Тазалык" муниципалдык ишканасынын 2019-жыл үчүн бюджети жана штаттык бирдигин бекитүү,субсидия ажыратуу, борбордук стадионундагы кичи футбол аянтчасын ишкананын пайдалануусуна өткөрүп берүү жөнүндө
"Ала-Бука Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э. Стамалиевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ала-Бука Тазалык" муниципалдык ишканасынын 2019-жыл үчүн бюджети жана штаттык бирдиги бекитилсин.
2. Ала-Бука Тазалык” муниципалдык ишканасынын бюджетин толуктоо, иштин туруктуулугун камсыздоо үчүн 2 миллион сом субсидия ажыратылсын.
3. Ала-Бука айылынын борбордук стадионундагы кичи футбол аянтчасы “Ала-Бука Тазалык” муниципалдык ишканасынын пайдалануусуна өткөрүп берилсин.
4. Кичи футбол аянтчасын пайдалануудан түшкөн акча каражаттарын ишкананын бюджетинде атайын берене менен кириштөө, каражаттын бир жылдык көлөмүн жыйынтыктоо Ала-Бука Тазалык” муниципалдык ишканасынын бухгалтериясына милдеттендирилсин.
5. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
6. Токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияна жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |