Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVI -чакырылышынын кезектеги II- сессиясы
2019-жылдын 12-марты № 2/4
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин Ала-Бука райондук башкармалыгынын имаратын кайра куруу долбоорун Ала-Бука райондук Өнүктүрүү фондунун кароосуна сунуш кылуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин Ала-Бука райондук башкармалыгынын жетекчиси М. Шабыралиевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин Ала-Бука райондук башкармалыгынын имаратын кайра куруу долбоору Ала-Бука райондук Өнүктүрүү фондунун 2019-жыл үчүн кароосуна сунушкылынсын.
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
3. Токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияна жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |