Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVI -чакырылышынын кезектеги II- сессиясы
2019-жылдын 12-марты № 2/5
Ала-Бука водоканал” муниципалдык ишканасынын бюджетин толуктоо, ишинин туруктуулугун камсыздоо жөнүндө
“Ала-Бука водоканал” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б. Кулчиновтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука водоканал” муниципалдык ишканасынын бюджетин толуктоо, ишинин туруктуулугун камсыздоо үчүн айыл өкмөтүнүн 2019-жыл бюджетинин 2512-беренесинен 467300 сом субсидия которуп берилсин.
2. Каражаттарды максаттуу пайдалануу жана аткарылган жумуштар боюнча айылдык кеңешке маалыматтарды берүү “Ала-Бука водоканал” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б. Кулчиновтун жекече жоопкерчилигине жүктөлсүн.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
4. Токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияна жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |