Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVI -чакырылышынын кезектеги II- сессиясы
2019-жылдын 12-марты № 2/7
Достук айылынын тургуну М. Темировага материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө
Достук айылынын тургуну боордун оор дарты менен жабыркап жаткан М. Темировага материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө айылдык кеңештин З. Сарибаевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айылынын тургуну М. Темировага Индия мамлекетинде операция жасатуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2824-беренесинен 150,0 миң сом ажыратып берилсин.
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
3. Токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияна жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |